7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Атмосфераны булгаган теплоходдорго 30 миң сом айып салынды

19

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд өткөрүп, 14 теплоходду текшеришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө атмосфералык абаны коргоо боюнча мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталып, төрт жеке тарапка Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык административдик протокол түзүлдү.

Мыйзам бузууга жол берген ар бир жаранга 7 миң 500 сомдон айып пул салынып, жалпы айып пулдун суммасы 30 миң сомду түздү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай рейддик иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгилеп, экологиялык мыйзамдардын талаптарынын сакталышы көзөмөлдөнө берерин билдирди.

20