7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нарын облусунда 3 баллдык жер титирөө катталды

150

Нарын облусунда 22-июлда саат 20:48де жер титирөө болду. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллды түзгөн.

Жер титирөөнүн очогу Оттук айылынан түндүккө карай 7 чакырым, Жергетал айылынан түндүк-чыгышка карай 15 чакырым, Нарын шаарынан түндүк-батышка карай 35 чакырым жана Бөкөнбаев айылынан түштүк-батышка карай 110 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө Оттук айылында болжол менен 3 баллга, ал эми Жергетал айылында 2 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

151