7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөн жарым жылда 50 миң метрден ашык эски синтетикалык тор чыгарылды

6

2026-жылдын алты айында Ысык-Көлдөн 50 миң метрден ашык эски синтетикалык балык уулоочу тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишевдин айтымында, былтыр көлдөн бир жыл ичинде 47 миң 500 метр эски тор алынган болсо, быйыл бул көрсөткүчкө алты айдын ичинде эле жетишкен.

Мындан тышкары, жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 1 тонна 250 килограмм таштанды чыгарылган. Алардын арасында унаа дөңгөлөктөрү, амортизаторлор, спорттук шаймандар жана башка калдыктар болгон.

Кылычбек Тентимишев тазалоо иштеринин натыйжасында көлдөгү балыктардын саны көбөйүп, алардын өсүшү байкалып жатканын белгиледи.

Чогултулган таштандылар атайын топтолуп, Бишкек шаарындагы таштанды өрттөөчү заводго жеткирилип, жок кылынат.

7