7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто бир күндүк ымыркайдын жүрөгүнө татаал операция жасалды

268

Ош мамлекеттик университетинин клиникасында бир күндүк ымыркайдын жүрөгүнө татаал операция жасалды. Бул тууралуу окуу жай  билдирди.

Маалыматка ылайык, наристе жүрөктүн тубаса оор кемтиги менен төрөлгөн. Дарыгерлердин консилиумунун чечими менен ага Рашкинд процедурасы жасалган.

Бул ыкмада хирургиялык кесүү талап кылынбайт. Атайын катетер сан же киндик венасы аркылуу жүрөккө киргизилип, анын учундагы кичинекей баллон жүрөктүн оң жана сол дүлөйчөлөрүнүн ортосундагы тешикти кеңейтет. Натыйжада кан айлануу жакшырып, организмдин кычкылтек менен камсыз болушу жогорулайт.

Дарыгерлердин маалыматына караганда, операция ийгиликтүү өтүп, учурда наристенин абалы канааттандырарлык.

269