7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Беларусь тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды

184

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, Чолпон-Ата шаарында Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Максим Рыженковду кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана негизги багыттардын бардыгы боюнча өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы саясий диалогдун жогорку деңгээлин, бекем келишимдик-укуктук базаны жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга эки тараптын тең берилгендигин камтыган эки жактуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоо үчүн бардык зарыл шарттар бар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн өнөктөштүгүн чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы ишенимдүү саясий диалогду өнүктүрүүгө маанилүү салым кошот деген ишенимин билдирди. Беларусь Президенти Александр Лукашенконун алдыдагы ШКУнун саммитине жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуусунун маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди.

Өз кезегинде Максим Рыженков Президент Садыр Жапаровго Беларусь Президенти Александр Лукашенконун саламын жана жакшы каалоолорун жеткирди. Ал Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, өлкө Кеңештин ишмердүүлүгүнө олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.

Ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун соңунда Президент Садыр Жапаров менен Беларусь Республикасынын Тышкы иштер министри Максим Рыженков мындан ары тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экенин жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга берилгендигин ырасташты.

185