Германияга иштегени барып, качкындар жайгашкан борбордо калган кыргызстандык студенттердин абалы боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
Министрликтин маалыматына ылайык, учурда студенттер туш болгон кырдаал иликтенип жатат. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев маселени чечүү үчүн Бремен шаарына бара жатканын билдирип, социалдык тармакка жазды.
Буга чейин ЖМКларда жайкы иш программасы менен Германияга барган жүздөн ашык кыргызстандык студент жумушсуз калып, качкындардын жатаканасында жашап жатканы тууралуу маалымат тараган. Студенттер ал жерде баңгизат колдонгон адамдар да бар экенин айтып, кооптонуп жатканын билдиришкен.
Ал эми студенттерди Германияга алып барган уюмдун өкүлдөрү интернетте айрым туура эмес маалыматтар тараганын билдиришти. Алардын маалыматына караганда, учурда борбордо 80ге жакын студент бар жана аларга жумуш табууга аракеттер көрүлүүдө.



