7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров ТМУ Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды

180

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июлда, Чолпон-Ата шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.

Мамлекет башчысы ТМУга мүчө өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсү ырааттуу өнүгүп жатканын белгилеп, буга чейин жетишилген макулдашууларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Садыр Жапаров экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүнүн, транспорттук жана башка инфраструктураны өнүктүрүүнүн, ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу ал Түрк инвестициялык фондунун мүчө мамлекеттердин артыкчылыктуу демилгелерин илгерилетүүнүн натыйжалуу механизмдеринин бири катары өзгөчө ролун белгилеп, кыргыз тарап анын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдаланууга кызыкдар экенин баса көрсөттү.

Президент ошондой эле Уюм мындан ары да маданий-гуманитардык жана социалдык-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу көңүл буруусу керектигин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле ТМУнун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

181