7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жол иштерин кечиктирген подрядчылар «кара тизмеге» киргизилиши мүмкүн

180

Бишкекте жол куруу жана оңдоо иштерин өз мөөнөтүндө бүтүрбөгөн же сапатсыз аткарган подряддык уюмдар мамлекеттик сатып алууларга катышуу укугунан ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылы борбор калаада 127 көчөнү куруу жана оңдоо, ошондой эле 29 көчөнүн тротуарын жаңылоо пландалган. Учурда 119 объектте курулуш жана оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күнгө карата 46 объектте иштер толугу менен аяктады. Анын ичинен 33ү унаа жолу, 13ү тротуар болуп саналат. Оңдолгон көчөлөрдүн катарына Жайыл баатыр, Кожевенная, Коммунаров, Үсөнбаев көчөлөрү, бир катар кичи райондордогу ички жолдор жана Манас менен Москва көчөлөрүндөгү тротуарлар кирет.

Мэрия подряддык уюмдарды иштерди белгиленген мөөнөттө жана талаптагыдай сапатта бүтүрүүгө чакырып, талаптарды аткарбаган компаниялар «кара тизмеге» киргизилип, мамлекеттик сатып алууларга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратыларын эскертти.

Мындан тышкары, көйгөйлүү тилкелерди жеринде текшерип, маселелерди ыкчам чечүү үчүн шаардык кызматтар жана подрядчылар менен биргелешкен көчмө текшерүүлөр жүргүзүлөт.

181