7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Манас» эл аралык аэропортунда жаңы кирүү жолунун бир бөлүгү жана унаа токтотуучу жайлар ачылды

5

“Кыргызстан аэропорттору” ААК “Манас” эл аралык аэропортун модернизациялоо иштерин улантууда. Долбоордун алкагында аэровокзал комплексине алып баруучу жаңы кирүү жолунун бир бөлүгү пайдаланууга берилди.

Учурда негизги кирүү жолунда реконструкция жүрүп жаткандыктан, автотранспорттун кыймылы аэропорт тарапка да, шаар тарапка да убактылуу Васильевка трактынын сол тарабы аркылуу уюштурулган. Бул чара курулуш иштеринин коопсуз жана үзгүлтүксүз жүргүзүлүшүн камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайды бойлой өткөн жаңы кирүү жолу ачылып, айдоочулар үчүн унаа токтотуучу жайларга түз жана ыңгайлуу жетүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Ошондой эле пайдаланууга берилген объекттер:

* жүргүнчүлөр үчүн жаңы ачык унаа токтотуучу жайлар;
* кызматтык автоунаалар үчүн өзүнчө токтотуучу жай;
* таксилер жана автобустар үчүн атайын бөлүнгөн аймактар.

Долбоордун кийинки этабында беш кабаттуу заманбап жабык паркинг пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Ошондой эле паркинг менен аэровокзалды бириктирген жабык өтмөк курулуп жатат. Ал пайдаланууга берилгенден кийин жүргүнчүлөр паркингден терминалга сыртка чыкпай эле түз өтө алышат.

Долбоор ишке ашкандан кийин аэропорттун транспорттук өткөрүү мүмкүнчүлүгү кеңейип, унаа агымы жөнгө салынып, кошумча унаа токтотуучу жайлар түзүлөт. Бул жүргүнчүлөр жана аларды тосуп алуучулар үчүн дагы ыңгайлуу шарттарды камсыздайт.

6