Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Бишкек-Ош унаа жолунун 205-чакырымындагы тилкесинде текшерүү жүргүзүштү.
Анын жүрүшүндө мазут ташып бара жаткан жүк ташуучу автоунаа жол кырсыгына кабылып, оодарылып кеткендиги аныкталган. Кырсыктын кесепетинен болжол менен 4-5 тонна мазут жер кыртышына төгүлгөн.
Бул факты боюнча Укук бузуулар кодексине ылайык, күнөөлүү жеке жакка 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Учурда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын алдын алуу жана экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча көзөмөл иштерин улантууда.
Министрлик жарандарды жана жүк ташуучу компанияларды кооптуу жүктөрдү ташууда экологиялык жана техникалык коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат.



