7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жунушалиев Ала-Арча дарыясынын жээгин комплекстүү көрктөндүрүү иштерин ыкчам баштоону тапшырды

262

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйын өткөрүп, борбор калаадагы сейил бактарды көрктөндүрүү жана жаңы социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы курулуш компанияларына Ала-Арча дарыясынын жээгин комплекстүү көрктөндүрүү иштерин тез арада баштоону тапшырды.

Мындан тышкары, Дайыр Асанов атындагы сейил бактагы реконструкция, Кыргызстан менен Азербайжандын Достук сейил багы жана «Байтик» паркындагы абал каралды. Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн ижарачыларга бир жумалык мөөнөт берилди.

Ошондой эле Байтик баатыр көчөсүндө курулуп жаткан 1224 орундуу Россия мектеби жана Аалы Токомбаев көчөсүндөгү 900 орундуу жаңы мектептин курулушу текшерилди.

Мэр жаңы билим берүү мекемелеринин ички жасалгасын иштеп чыгууда балдардын ыңгайлуулугун эске алуу үчүн психологдорду тартууну тапшырды.

263