7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунда коопсуздук чаралары күчөтүлөт

21

Нарын облусундагы Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кошумча чаралар көрүлөт.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, облус башчысы Нурбек Сатаровдун Жумгал районуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жумгал, Дыйкан жана Байзак айылдары аркылуу өткөн жол тилкесинде жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында жасалма жол тосмолорун орнотуу тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, Сары-Булуң тилкесиндеги көзөмөл-өткөрүү постун коопсуз аймакка көчүрүү маселеси да көтөрүлдү.

Учурда Жумгал районунда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча 16 кызматкер иштеп жатат. Жакынкы күндөрү алардын катарына дагы 13 кызматкер кошулары маалымдалды.

Белгилей кетсек, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу жай мезгилинде убактылуу пайдаланууга берилет. Бул аралыкта күн сайын саат 20:00дөн таңкы 06:00гө чейин көзөмөл-өткөрүү посту үзгүлтүксүз иш алып барат.

22