Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери Ысык-Көлдүн экологиялык абалына кезектеги мониторинг жүргүзүштү.
Министрликке караштуу Экологиялык мониторинг департаментинин кызматкерлери көлдүн жээгинен суу үлгүлөрүн алып, анын сапатын аныктоо үчүн химиялык изилдөөгө жөнөтүштү.
Маалыматка ылайык, мындай мониторинг бекитилген планга ылайык жыл сайын үч этапта жүргүзүлөт. Тактап айтканда, туристтик сезон башталганга чейин, туристтик сезондун жүрүшүндө жана сезон аяктагандан кийин көлдүн акваториясынан суу үлгүлөрү алынып, химиялык анализдер жүргүзүлөт. Изилдөөлөр Ысык-Көлдүн күңгөй жана тескей жээгиндеги пляждарды камтыйт.
Жыйынтыктоочу протоколдор андан аркы чараларды көрүү үчүн Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматына жана министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгына жөнөтүлөт.



