7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласта 319 батирлүү турак жай комплексинин курулушу аяктады

270

Талас шаарында мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында салынып жаткан 319 батирлүү көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы батирлердин ачкычтары үй ээлерине 24-июлда тапшырылат.

Турак жай комплекси Талас шаарындагы Тынчтык конушунда жайгашып, жалпы аянты 2 гектарды түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын сентябрь айында башталган.

Комплекс 11 блоктон турат. Анда жалпы 319 батир каралган. Алардын ичинен 55 батир үч бөлмөлүү, 143 батир эки бөлмөлүү, ал эми 121 батир бир бөлмөлүү.

271