Кыргызстанда 23-июлда 44,4 млн кВт/саат электр энергиясы колдонулду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, электр энергиясын керектөө мурдагы күндөргө салыштырмалуу азайган.
Министрлик 24-июлга карата өлкөнүн энергетикалык тутуму штаттык режимде иштеп жатканын маалымдады. Электр тармактарында ашыкча жүктөмдөр жана технологиялык бузулуулар катталган эмес.
Энергетика тармагындагы абал көзөмөлдө болуп, керектөөчүлөрдү туруктуу камсыздоо иштери уланууда.



