“Жакшы жаңылык достор!
2022-жылы Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу башталганда “баштап коюшту, бирок аягына чыкпайт. Популисттик эле долбоор болсо керек, салынган капсула ошону менен унутулат”- дешти эле. Көз ачып жумганча эле жол дагы бүтүп, бүгүн ачылышы болот экен. Кыргызстандагы темир жолдору союз кезинде курулган, эгемендик алган жылдары 1 метр дагы жол салынбаптыр. Кезинде, Исхак Раззаков Бишкек-Балыкчы жолун курган экен, Балыкчы-Кочкор жолун президентибиз Садыр Нургожоевич бүтүрүптүр. Эми, Кара-Кечеге жетсе көмүр ташып келүү жеңилдейт, бул деген элибиз кышта жылуу жашайт деген. Өлкөбүз тынчтык жолунда өнүгө берсин!”.
Автор: Айжан Тогузакова



