7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аяз Баетов: Жерлерди 49 жылга ижарага берүү тартиби өзгөрүшү мүмкүн

2

Юстиция министри Аяз Баетов фейсбуктагы жеке баракчасына жер тилкелерин 49 жылга ижарага берүү тартиби, миграция маселеси жана Кытайдан алынган тышкы карыз боюнча билдирүү жазды.

“Жерлерди 49 жылга ижарага берүү боюнча:

Бул мыйзам 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Ошол жылдардан бери жерлерди 49 жылга алып алышып, бирок эч нерсе салбай жөн эле кармап жаткандар бар экен. Чет өлкөлүктөр эле эмес, биздин өзүбүздүн жарандар да бар. Ошондуктан Президент бизге тапшырма койгон: “Биринчи дароо эле 49 жылга эмес, 10 жылга берели. Инвестиция салса 25 жылга узарталы. Келишимде көрсөтүлгөн сумманы толук салса анан 49 жылга узарталы. Ушул маселени карап көргүлө” деген. Азыр каралып жатат. Албетте жерлерибиз резина эмес. Мурдакы эле берилген жерлер жөнүндө кеп болуп жатат. Жаңы жерлер бериле турган болсо жогорудагы шарттар менен мамлекеттин гана пайдасына берилет.

Миграция боюнча:
Чек ара кызматынын таблицасында көрүнүп тургандай биздин өлкөгө кирип чыккандардын санын Кытай жарандары ээлебейт. Кытай жарандары 5-орунда турат. Эң негизгиси виза менен келишет, виза мөөнөтү аяктаганда кайра чыгып кетишет. Толук мамлекеттин көзөмөлүндө. Албетте иштегени келгендер көптүккылат. Себеби кылым долбоорлорун ишке ашырып, завод-фабрикаларды салып жатышат.
Кытай туристтер аз.

Тышкы карыз боюнча:
Кытай Эл Республикасынан Алмазбек Атамбаевдин убагында 1 миллиард 796 миллион 853 мин 530 доллар карыз алынган. 2020-жылдан бери бир да доллар Кытайдан карыз алынган жок. Тескерисинче 419 миллион 840 мин 537 доллары кайтарылды. 1 миллиард 377 миллион 12 мин 993 доллар калды. Өз убагы менен төлөнүп келе жатат”,-деген ал.

3