7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте мыйзамсыз митингге чакырык жасоого шектелген жаран камакка алынды

177

Бишкекте Threads соцтармагынын колдонуучусу мыйзамсыз митинг уюштурууга чакырык жасоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн мониторингдин жүрүшүндө “Slivy_telegramm” (мурунку аталышы — beksultankg99) аккаунту аныкталган. Милиция “аталган аккаунт аркылуу Кытайдын жарандарына карата терс мүнөздөгү маалыматтар системалуу түрдө таратылып, ошондой эле коомдук тартиптин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон мыйзамга каршы аракеттерге чакырыктар жарыяланганын” билдирүүдө.
Тактап айтканда, 2026-жылдын 23-июлунда Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өтүшү пландалган мыйзамсыз митингге катышууга ачык чакырыктар аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык башаламандыктар, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошондой эле жарандарга карата зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен кылмыш иши козголду. Учурда бардык зарыл болгон тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган аккаунттун ээси 2003-жылы туулган О.А. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Ал Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматына жеткирилип, №21 мекемесине (СИЗО-1) эки айга камалды.

178