7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл Эгемендүүлүк күнү 11-12-сентябрда Таласта белгиленет

213

Бул жылы Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү 31-августта эмес, 11-12-сентябрда Талас шаарында белгиленет. Бул тууралуу Министрлер кабинети маалымдады.

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн, 25-июлда, Талас облусунун түзүлгөндүгүнүн 82 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ал акыркы жылдары пезиденттин колдоосу менен Талас облусунда социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык чөйрөдө ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалаган.

Анын айтымында, бир катар объектилер Эгемендүүктүн 35 жылдыгына карата быйыл пайдаланууга берилет. Ошондой эле Талас районунда «Манас Ордо» тарыхый-маданий комплекси, Айтматов районунда «Айтматов Ааламы» маданий-мемориалдык комплекси курулуп жатканын эске салган. Муну менен катар Суусамыр – Талас – Тараз эл аралык унаа жолун реконструкциялоонун стратегиялык маанисин жана «Бала-Саруу» чакан ГЭСин белгилеген.

Мындан тышкары, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын өткөргөн.

214