7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алагөзов: 30-июлдан 1-августка чейин жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

4

Ысык-Көл районунун тургундарына жана эс алуучуларына алдыдагы күндөрү жол кыймылында убактылуу чектөөлөр болору кабарланды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбук баракчасына жазды.

30-июлдан 1-августка чейин «Тамчы» эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки автожол маал-маалы менен жабылып турат.

“Урматтуу Ысык-Көл районунун тургундары жана көлгө келе турган эс алуучулар!

Алдыда 30-июлдан 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турмакчы.

Себеби ушул күндөрү Өзбекстандын Президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын Президенти Ильхом Алиевдин мамлекеттик сапар менен келиши күтүлүүдө.

Мындан сырткары, бир катар мамлекет башчыларынын катышуусунда

Борбордук Азия жана Азербайжан Республикасы мамлекет башчыларынын бейформал консултативдик жолгушуусу да дал ушул күндөргө мерчемделген.

Мындан улам, убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз.

Өлкөбүздүн тышкы алакаларды бекемдөөдөгү иш-аракеттери үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм”,-деп жазды президенттин басма сөз катчысы.

5