7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ажылыкка катталуу эми » Түндүк» аркылуу жүргүзүлөт

12

Ажылык сапарына барууну каалаган жарандарды каттоо эми толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул максатта «Ажылык» мамлекеттик санариптик мобилдик тиркемеси иштелип чыкты.

Бирдиктүү санариптик система аркылуу жарандар үйдөн чыкпай эле ажылыкка электрондук кезекке туруп, квоталардын бөлүштүрүлүшүн көрүп, өз кезегинин жүрүшүнө көз салып турушат.

Мындан тышкары, ажылыкка байланыштуу бардык каржылык төлөмдөрдү жүргүзүү жана кайрылууларды кароо процесси да автоматташтырылып, тиркеме аркылуу ишке ашырылат.

«Ажылык» тиркемеси төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:

  • ажылыкка электрондук кезекке туруу;
  • квоталардын бөлүштүрүлүшүн көрүү;
  • төлөмдөрдү жүргүзүү;
  • жарандардын кайрылууларын кабыл алуу жана кароо;
  • ажылыкка байланыштуу башка мамлекеттик кызматтарды алуу.
13