VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» 40 күндүк улуттук жүрүшүнүн алкагында Баткен районуна келип жетти.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Раззаков шаарынан жолго чыккан жана Лейлек районунан келген 10 атчан өкүлдү Баткен шаарындагы Төрт-Гүл суу сактагычынын жээгинен облус башчысынын орун басары Максатай Каримбердиева, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, жергиликтүү тургундар жана коомчулуктун өкүлдөрү салтанаттуу тосуп алышты.
Коноктор үчүн улуттук каада-салттарды чагылдырган маданий программа уюштурулуп, кербендин катышуучуларына улуттук дасторкон жайылды.
Андан соң Лейлек районунун өкүлдөрүнө Баткен районунун атчандары кошулуп, кербен белгиленген багыт боюнча сапарын улантат.
Иш-чаранын алкагында Баткен районунун өкүлдөрү Кара-Булак айылынын жогору жагында жайгашкан касиеттүү Суу-Башы булагынан атайын көөкөргө суу алуу аземин өткөрүштү. Бул ыйык суу тазалыктын, берекенин жана биримдиктин символу катары «Биримдик кербенине» салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Белгилей кетсек, «Биримдик кербени»- өлкөнүн бардык 40 районун камтыган, улуттук биримдикти, маданий мурастарды жана аймактар аралык ынтымакты чыңдоону максат кылган ири долбоор. Жүрүш 25-июлдан 2-сентябрга чейин уланып, ага 400дөн ашуун адам катышууда.



