7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапониядагы күчтүү жер титирөөдөн 50дөн ашык адам жабыркады

198

Жапониянын Кюсю аралындагы Кумамото префектурасында болгон күчтүү жер титирөөдөн 50дөн ашык адам жабыркады. Бул тууралуу жергиликтүү NHK телеканалы маалымдады.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында Хикава шаарындагы карылар үйүндө жашаган онго жакын адам бар. Ошондой эле бир нече имаратка олуттуу зыян келтирилген.

Полициянын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен 12 турак үй урап, айрым адамдар урандылардын алдында калган. Куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүдө.

Жер титирөөдөн кийин темир жолдун бир катар тилкелеринде поезддердин кыймылы токтотулуп, ылдам жүрүүчү поезддердин каттамдары убактылуу үзгүлтүккө учурады.

Кечээ катталган жер титирөөнүн магнитудасы 7,1ге жеткен. Андан кийин магнитудасы 6 жана андан төмөн болгон бир нече кайталанма силкинүүлөр катталган. Бийиктиги 1 метрге чейин жетиши мүмкүн болгон цунами коркунучу жарыяланып, өкмөт кырдаалга байланыштуу ыкчам штаб түзүп, келтирилген зыянды баалоо жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштерин уюштурууда.

199