Ысык-Көлдө өтө турган суудагы Formula 1 H2O дүйнө чемпионатынын негизги жарыштары үч күндүн ичинде жалпысынан эки саатка гана созулат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Эрденет Касымов «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, мелдештин өзүнөн тышкары көрүүчүлөр үчүн концерттик программалар, оюн-зоок жана башка маданий иш-чаралар уюштурулат.
Ошондой эле дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген командалар Кыргызстанга келип жатканын белгилеген Касымов, аларды тосуп алуу иштери жүргүзүлүп жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, «Кыргызстан аэропорттору» ишканасы, Кыргызстандын суу-мотордук спорт федерациясы жана Дене тарбия жана спорт агенттиги биргелешип спортчуларды аэропорттон тосуп алып, Ысык-Көлгө жөнөтүү иштерин уюштурууда.
Жалпысынан дүйнө чемпионатына 10 мамлекеттен келген командалар катышып, мелдештер белгиленген график боюнча этап-этабы менен өткөрүлөт.
Эске салсак, суудагы Formula 1 H2O дүйнө чемпионаты Кыргызстанда 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин Ысык-Көлдө өтөт.



