7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Иманалиев: Темир жол өлкөнүн экономикалык көз карандысыздыгы үчүн эң ири долбоор

9
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ долбоор болуп саналат. Бул тууралуу коомдук ишмер Каныбек Иманалиев фейсбук баракчасына жазды.
 Ал өз сөзүндө:
1. «Бул темир жол келечекте Кыргызстанды реалдуу экономикалык жана транспорттук эгемендикке алып келет;
2. Бул жол Кыргызстанды обочолонгон (“тупик”) өлкөдөн эл аралык транзиттик өлкөгө айлантат;
3. Бул долбоор аркылуу Кыргызстанды дүйнөлүк логистикага кошулуп, жылдык экономикалык өсүш жок дегенде 6-9%га көбөйөт;
4. Бул жол салынгандан кийин азыркы (Казакстан аркылуу деңизге чыгуу) темир жолго караганда аралыкты 900 км кыскартат жана поъезд 8 күнгө эрте жетет;
5. Жаңы миңдеген жумуш орундары түзүлөт;
6. Биз импорттоочуу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө (азыркы күндө импорт 12млрд 973 млн доллар, ал эми экспорт 2 млрд 852 млн долларды түзөт) айлана алабыз;
7. Темир жол жээгиндеги Кыргызстандын айыл-аймактары, райондук борборлор жана шаарлардын жаңыча өркүндөөсүнө кеңири шарт түзөт;
8. Темир жол бүткөн соң өлкөбүзгө ири инвестициялык долбоорлор (өндүрүш, кен иштетүү, электростанция ж.б.у.с.) ишке ашат;
9. Бюджетке кошумча жок дегенде 8-10% көбөйөт;
10. Дүйнөдө эң чоң 10 деңиз порту болсо анын сегизи Кытайга таандык. Андан башка 35 ири эл аралык жана 2000 деңиз порту бар. Бул Кытай үчүн миң жолдун биридир;
11. Ал эми Кыргызстан үчүн болсо деңизге чыгара турган бир гана жол ушул;
12. Бул жолду Кыргызстан 35 жыл күтүп, кыялдагы ишке ашпай келген долбоор болгон;
Бул жол салынгандан кийин Кыргызстандын Орто Азиядагы негизги экономикалык өнөктөшү Өзбекстан болуп, чыныгы түбөлүк достукка негиз болот. Демек бул жол мамлекеттин эгемендик жана экономикалык көз карандысыздыгы үчүн бирден бир эң ири долбоор экенин түшүнүп жана бул долбоорду жигердүү колдоо баарыбыздын атуулдук парзыбыз деп ойлойм»,- деп жазган Иманалиев.
10