7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталды

19

Бүгүн, 30-июлда, Чолпон-Ата шаарында Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди анын мамлекеттик сапарынын алкагында расмий тосуп алуу аземи болуп өттү.

Азем “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөрүлдү. Аянтта Кыргызстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары көтөрүлүп, Ардак кароол тизилип, салтанатка 40 этно-жоокер катышты.

Өз ара саламдашуудан кийин мамлекет башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Андан кийин мамлекет башчылары Ардак кароол катарын кыдырып чыгышты. Шавкат Мирзиёев аскер кызматкерлери менен: “Салам, аскер!” – деп саламдашты.

Мындан соң эки өлкөнүн лидерлери расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышышты.

Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев бетме-бет сүйлөшүү өтө турган боз үйгө карай бет алышты. Сүйлөшүүлөрдүн алдында биргелешип сүрөткө түшүү аземи болду.

20