Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев бетме-бет жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
10
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев бүгүн, 30-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бетме-бет жана кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.
Бетме-бет форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевди жылуу тосуп алып, анын мамлекеттик сапары кыргыз-өзбек мамилелерине жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.
Лидерлер бүгүн эки жактуу кызматташтыктын күн тартибиндеги негизги маселелер талкууланып, жетишилген макулдашуулар тиешелүү документтер менен бекемделерин белгилешти.
Андан соң Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтүүчү залга жөнөштү.
Садыр Жапаров өз сөзүндө Өзбекстандын Президентинин мамлекеттик сапары кыргыз-өзбек кызматташтыгы жигердүү өнүгүп жаткан мезгилге туш келип, практикалык күн тартибине бай экенин белгиледи.
Президент Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана Шавкат Мирзиёевдин Борбордук Азияда ынак коңшулук мамилелерди, өз ара ишенимди жана түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон салымын жогору баалады.
Мамлекет башчысы биргелешкен саясий эрктин аркасында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо толугу менен аяктаганын белгиледи. Ошондой эле мамлекеттик сапардын жүрүшүндө кол коюлуп жаткан документтер чек ара маселелерин биротоло жөнгө салып, өткөрүү пункттарынын санын көбөйтөрүн, бул чек арага чектеш аймактардын жашоочулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, сооданын, транспорттук-логистикалык потенциалдын жана гуманитардык байланыштардын өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн айтты.
Президент Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюунун өзгөчө маанисине токтолуп, бул документ эки тараптуу кызматташтыкты сапаттык жаңы деңгээлге чыгарарын айтты. Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн Жогорку мамлекеттер аралык кеңеш түзүлүүдө.
Мамлекет башчысы Камбар-Ата-1 ГЭСинин жана “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу сыяктуу биргелешкен стратегиялык долбоорлордун маанисин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда Президент Шавкат Мирзиёев бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы өзбек-кыргыз достугун, жакын коңшулукту жана союздаштыкты мындан ары да бекемдөөгө кызмат кыларына ишеним билдирди.