7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

169

Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 30-июлда, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди.

Садыр Жапаров жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунда тосуп алды.

Флагштокторго Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди.

Перрондо ошондой эле кыргыз элинин бай маданий-тарыхый мурасын чагылдырган инсталляциялар көрсөтүлүп, этно-жоокерлер алгыр куштар жана тайгандар менен көчмөндөр маданиятынын элементтерин көрсөтүштү.

Андан соң эки өлкөнүн лидерлери үчүн кыргыз жана азербайжан элдеринин музыкалык чыгармаларын аткарган кыргызстандык өнөрпоздордун катышуусунда кыска концерттик программа тартууланды.

Мамлекеттик сапардын алкагында мамлекет башчылары эртең, 31-июлда, эки жактуу кызматташтыктын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди жана кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун келечегин талкуулашат.

Ошондой эле бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

170