7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азербайжандын Президенти Илхам Алиевдин мамлекеттик сапары башталды

16

Бүгүн, 31-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун расмий тосуп алуу аземи башталды.

Азем “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөрүлдү. Өз ара саламдашкан соң мамлекет башчылар ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты. Андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Мындан кийин президенттер ардак кароол ротасынын сабын кыдырды. Президент Ильхам Алиев аскер кызматкерлери менен “Салам, аскер!” деп саламдашты. Ошондой эле лидерлер зоот кийимчен этно-аскерлердин жанынан өтүштү. Мындан кийин мамлекет башчылар өз делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аземинен кийин Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев бетме-бет сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн боз үйгө жөнөштү.

17