7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев бир катар эки тараптуу документтерге кол коюшту

22

 Президент Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 31-июлда, транспорттук-логистикалык, энергетикалык, инвестициялык, санариптик, финансылык, гуманитардык жана башка тармактарда кыргыз-азербайжан кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алмашуу аземи өттү.

Мамлекет башчылар Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге жана Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин чечимине кол коюшту.

Ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюу аземи өттү:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө макулдашуу;

— Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы энергетика жаатындагы кызматташтык боюнча 2026-2027-жылдарга карата Жол картасы;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосундагы 2024-2029-жылдарга кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча Жол картасы;

— 2022-жылдын 11-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Экинчи кошумча макулдашуу;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосунда жүк ташуу, кеме жүрүшү жана кеме куруу жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик статистика комитетинин ортосунда статистика жаатындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен Азербайжан Республикасынын Атайын байланыш жана маалыматтык коопсуздук мамлекеттик кызматынын ортосунда киберкоопсуздук тармагындагы өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Азербайжан Республикасынын Гянжа шаарынын ортосунда кызматташтыкты жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Каракол шаары менен Азербайжан Республикасынын Габала шаарынын ортосунда өз ара кызматташтык жана боордош шаарлар байланышын түзүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаары менен Азербайжан Республикасынын Шуша шаарынын ортосунда өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Азербайжан Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосунда мунай жана мунай продуктуларын жеткирүү тармагындагы кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы менен Азербайжан Республикасынын Борбордук банкынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандум;

— “Кыргызалтын” ачык акционердик коому менен “АзерГолд” жабык акционердик коомунун ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум.

23