7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ильхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМК үчүн билдирүү жасады

22

Садыр Жапаров бүгүн, 31-июлда, Чолпон-Ата шаарында Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу Ильхам Гейдарович,

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,

Бүгүн биз меймандос кыргыз жергесинде Азербайжандын Президенти, урматтуу Ильхам Гейдаровичти жана Азербайжан делегациясынын мүчөлөрүн абдан кубануу менен тосуп алып жатабыз. Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келүү тууралуу чакыруумду кабыл алганыңыз үчүн Сизге ыраазычылык билдирем. Бул сапар боордош өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди мындан ары чыңдоого жаңы дем берерине ишенем. Кыргызстан менен Азербайжан ар дайым бири-бирин колдоп, өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча позицияларын ийгиликтүү түзүп келет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы саясий диалог эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилейм.

Үзгүлтүксүз байланыштар жана өз ара ишеним бүгүн түзүлгөн союздаштык мамилелерди мындан ары бекемдөөгө бекем негиз түзөт.

Биз урматтуу Президент менен кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын бардык багыттары боюнча мазмундуу жана ишенимдүү сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк.

Биздин төрагалыгыбыз алдында Мамлекеттер аралык кеңештин үчүнчү жыйыны өтүп, анын Протоколуна кол коюлду.

Кеңештин чечимдеринин аткарылышы, анын ичинде Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү боюнча маалыматты угуп, биргелешкен демилгелердин ишке ашырылышын талкууладык. Эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын карап чыгып, өнөктөштүгүбүздү мындан ары өнүктүрүүнүн кийинки кадамдарын белгиледик. Бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн маанилүү жыйынтыктарынын бири – союздаштык мамилелер жөнүндө келишимге кол коюлушу болду. Бул чыныгы тарыхый окуя кыргыз-азербайжан кызматташтыгындагы жаңы этаптын башталышын билдирет.

Мындан тышкары энергетика, транспорт, киберкоопсуздук, билим берүү, финансылык рынокту жөнгө салуу жана баалуу металлдардын жүгүртүлүшү тармактарын камтыган олуттуу эки жактуу документтер пакетине кол коюлду.

Соода-экономикалык кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын жана өз ара товар жүгүртүүнүн туруктуу өсүшүн белгиледик.

Ошондой эле ишкердик байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү мындан ары да улантуу тууралуу макулдаштык.

Бүгүн Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында үч биргелешкен долбоордун ачылышы болуп, дагы сегиз демилгени ишке ашырууга старт берилди.

Өлкөлөрүбүздүн транспорттук коридорлорун өнүктүрүү жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу маселелерине өзгөчө көңүл бурдук.

Борбордук Азияны Европа рыноктору менен байланыштырган Ортоңку коридордун негизги звенолорунун бири катары Азербайжандын маанилүү ролу белгиленди.

Ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташуунун келечектүү багыттарын жана биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкууладык. Бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде Азербайжан тарап курган биринчи беш жылдыздуу мейманкананын салтанаттуу ачылышы болот. Бул долбоор элдерибиздин бекем достугунун дагы бир символуна айланып, өлкөбүздүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошоруна ишенем.Эл аралык уюмдардын алкагындагы натыйжалуу кызматташтыгыбызды өзгөчө белгилегим келет.

Урматтуу Ильхам Гейдаровичти VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине, алдыдагы “ШКУ+” саммитине, ошондой эле 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” экинчи Глобалдык тоо саммитине катышууга чакырдым.

Сөзүмдүн соңунда бүгүнкү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганымды дагы бир жолу белгилегим келет.

Урматтуу Ильхам Гейдарович, мазмундуу пикир алмашуу үчүн, кыргыз-азербайжан мамилелерин өнүктүрүүгө көрсөткөн жеке көңүл бурууңуз жана элдерибиздин достугун чыңдоого туруктуу умтулууңуз үчүн Сизге ыраазычылык билдирем.

Жетишилген макулдашуулар Кыргызстан менен Азербайжандын союздаштык мамилелерди мындан ары тереңдетүүгө болгон өз ара умтулуусун дагы бир жолу ырастайт.

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!”

23