7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдө өлкө башчыларынын катышуусунда беш жылдыздуу мейманкана ачылды

3
Бүгүн, 31-июлда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары менен бирге Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан Baku Resort & Spa беш жылдыздуу мейманканасынын расмий ачылыш аземине катышышты.
Мамлекет башчылары мейманкананын негизги инфраструктуралык объектилерин көрүп чыгып, анын функционалдык мүмкүнчүлүктөрү, жайгаштыруу шарттары, ошондой эле ишкердик, маданий жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларын өткөрүү үчүн түзүлгөн инфраструктурасы менен таанышышты.
Долбоордун ишке ашырылышы кыргыз-азербайжан инвестициялык кызматташтыгынын жыйынтыгы экени белгиленип, ал Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалын мындан ары өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, инвестицияларды тартууга жана эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөрү айтылды.
Baku Resort & Spa — Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан заманбап беш жылдыздуу мейманкана комплекси. Курорттун курамына мейманкана, коттедждер, конгресс-холл, ден соолукту чыңдоо борбору, спорттук жана көңүл ачуучу инфраструктура объекттери, ошондой эле көрктөндүрүлгөн жээк аймагы кирет. Комплекс жыл бою конокторду кабыл алууга, ошондой эле эл аралык, ишкердик жана маданий иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташтырылган.
4