7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ДКО-2026: спорттук программанын экинчи ролиги жарык көрдү (ВИДЕО)

16

2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы «Мурас-кыймылда» аттуу видеороликтер сериясынын экинчи бөлүгүн- «Ылдамдык» аттуу роликти сунуштады.

Жаңы ролик Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына жана көчмөн элдердин салттуу спорт түрлөрүнө арналган. Видеодо көчмөндөрдүн кылымдардан бери калыптанган негизги сапаттары -тактык, ылдамдык жана күч чагылдырылат.

Бул бөлүктө ат үстүндөгү спорттун өзгөчөлүгү көрсөтүлүп, чабандестин чеберчилиги ат менен болгон ишенимге, чечимди ыкчам кабыл алууга жана кыймыл үстүндө так аракеттенүүгө негизделери баяндалат. Ошондой эле тыйын эңмей, көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш өңдүү улуттук спорт түрлөрү аркылуу көчмөн элдердин кылымдарды карыткан салттары чагылдырылган.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, ат үстүндөгү мелдештер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги өзөгүн түзүп, көчмөндөрдүн ат менен болгон тарыхый байланышын, чабандестик өнөрүн жана муундан-муунга өтүп келген салттарын даңазалайт.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасы дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөсүнөн келген спортчуларды бириктирген салттуу спорттун эң ири эл аралык аянтчаларынын бири болуп саналат. Ал көчмөн элдердин маданий мурасын сактоого жана улуттук спорт түрлөрүн дүйнөлүк деңгээлде жайылтууга багытталган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

17