7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балыкчы -Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлордун сунуштарына караганда бир нече эсеге арзан курулду

14

Балыкчы -Кочкор темир жолу чет элдик инвесторлор сунуштаган баадан дээрлик 5-8 эсе арзанга курулду. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруунун алгачкы этабында чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Бирок алар темир жолдун бир чакырымын куруу үчүн 5 миллиондон 8 миллион долларга чейин каражат талап кылышкан.

Жыйынтыгында темир жол ишкананын өз каражатынын эсебинен салынып, бир чакырымынын баасы 955 миң долларды түзгөн.

Сакиев белгилегендей, жаңы темир жол аркылуу мунай зат, эл керектөөчү товарлар жана башка жүктөр ташылат. Бул автожолдордогу жүктү азайтып, логистикалык чыгымдарды кыскартууга жана жүк ташуунун коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, бул каттамда жүргүнчүлөрдү ташуу кызматы да ишке киргизилери айтылды.

15