7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан жети айда 746,7 тонна балык экспорттоду

2

2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандан чет өлкөлөргө 746,7 тонна балык продукциясы экспорттолду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Кыргызстандын балык продукциясы негизинен Орусия жана Казакстан мамлекеттерине экспорттолууда. Бардык продукциялар ветеринардык-санитардык талаптарга ылайык рынокко чыгарылат.

Учурда өлкөдө бул тармакта экспорттук ишмердүүлүк менен 9 ишкана алектенет. Министрлик балык чарбасын өнүктүрүү, өндүрүштү көбөйтүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча иштерди улантарын кошумчалады.

3