7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө жасалма документтер аркылуу унааны каттоого аракет кылгандар кармалды

11

Чүй облусунда жасалма документтер менен унааны мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө аракет кылган төрт адам кармалды.

Милициянын маалыматка караганда, 3-июлда 1995-жылы туулган К.Д. Belgee X50 үлгүсүндөгү унааны каттоого алып келген. Унаа Казакстандан келген деп көрсөтүлгөн. Бирок документтер текшерилгенде алардын жасалма экени аныкталган.

Тергөөдө унаа буга чейин Орусияда каттоодо турганы жана лизингде болгону белгилүү болгон. Ага тиешелүү каттоо күбөлүгү, сатып алуу-сатуу келишими жана башка документтер жасалма даярдалганы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган К.Д., 1990-жылы туулган К.К., 2001-жылы туулган К.И. жана 1994-жылы туулган Э.Б. аныкталган.

Учурда тергөө уланууда.

12