VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын намысын коргой турган улуттук курама команданын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын медиа-штабы билдирди.
Белгилей кетсек, «Байра» компаниясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине арналган форманы иштеп чыгуу жана даярдоо боюнча сынактын жеңүүчүсү болгон.
Ал эми улуттук курама команданын спорттук экипировкасын Joma бренди даярдады.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өтөт.



