Чүй облусунун Ново-Покровка айылындагы Жусуп Абдрахманов атындагы мектептин катуу шамалдан жабыркаган чатырына 2 млн 211 миң 220 сом камсыздандыруу төлөмү берилди.
«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын маалыматына караганда, мектептин чатыры 10-июнда катуу шамалдан жабыркаган. 27-июнда болгон дагы бир күчтүү шамалдан улам чатыр кайрадан зыянга учураган.
Эки окуя өзүнчө камсыздандыруу учурлары катары катталып, тиешелүү документтер каралгандан кийин келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн төлөм толугу менен которулган.



