7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

2

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 30-августта, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди.

КЭР Төрагасы Си Цзиньпинди жана КЭР Биринчи айымы Пэн Лиюанды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова тосуп алышты.

Флагштокторго эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, Ардак кароол тизилген.

Кыргыз улуттук кийимдерин кийген кыздар кыргыз элинин меймандостугун жана кең пейилдигин билдирген салттуу даамдар — боорсок жана бал сунушту.

Салтанаттуу аземдин маанайын аскер оркестринин жана добулбасчылар ансамблинин аткаруусу толуктады.

Ардактуу конокторду комузчулар, бий топтору жана салттуу “Салбуурун” маданиятынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Аземде кыргыз элинин баатырдык мурасын жана рухунун күчүн даңазалаган “Алп баатырлар” композициясы өзгөчө орунду ээледи.

Салтанаттуу программа аэропорттун VIP залында улантылып, анда коноктор үчүн балдар хору жана жаш аткаруучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Эки элдин достугунун өзгөчө символу катары балдардын кыргыз жана кытай тилдеринде музыкалык чыгарма аткаруусу болду.

3