Бишкектеги «Мадина» базарында болгон өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Анын айтымында, мүлкү зыян тарткан бардык ишкерлер аныкталып, келтирилген зыяндын көлөмү бааланат. Ошондон кийин төлөмдөр боюнча чечим кабыл алынат. Шаар башчысы милиция өрттүн чыгуу себебин аныктап жатканын маалымдады. Алдын ала версия боюнча, өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан улам келип чыккан. Видеобайкоо камераларындагы жазуулар алынып, текшерүү жүргүзүлүүдө.
«Биз сөзсүз түрдө жабыркагандарды аныктайбыз, эч кимди жардамсыз калтырбайбыз», — деп билдирди Айбек Жунушалиев.



