Бүгүн, 5-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында Чүй, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн +9…14 күндүз +23…28
Таласта түнкүсүн +5…10 күндүз +21…26
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…17 күндүз +25…30
Ысык-Көлдө түнкүсүн +7…12 күндүз +17…22
Нарында түнкүсүн +6…11 күндүз +18…23
Бишкекте түнкүсүн +12…14°, күндүз +25…27 градус болот.



