7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү жана көкпар: Чемпиондорго ири акчалай сыйлык тапшырылды

8

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү жана көкпар оюндарынын жеңүүчүлөрү сыйланды.

Көк бөрүнүн чемпиону Кыргызстанга 5 миллион сом берилди. Экинчи орунду алган Казакстанга 3,1 миллион, үчүнчү орундагы Россияга 2,5 миллион жана төртүнчү болгон Тажикстанга 1 миллион сом тапшырылды.

Ошондой эле, көкпар боюнча жеңүүчү Кыргызстанга 3 миллион сом ыйгарылды. Ал эми, Казакстан 2 млн., Россия 1 миллион, Өзбекстан 500 миң сом алды.

Көк бөрүнүн мыкты оюнчусу деп Кыяз Ниязов табылып, ага 300 миң сом берилди.

Ал эми көкпардан Өмүрбек Эсен уулу мыкты деп аныкталды. Улакчыга сыйлыкты UFC чемпиону Валентина Шевченко тапшырды.

 

9