Бишкекке Германиянын Lernidee Erlebnisreisen GmbH компаниясына таандык эл аралык туристтик поезд келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирди.
Анын курамында Батыш Европа, Түндүк Америка жана Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн келген 70тен ашуун турист бар. Ишкана чет элдик конокторду салтанаттуу тосуп алып, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүнүн көргөзмөсүн уюштурду. Туристтерге шырдак, кийизден жасалган буюмдар жана улуттук турмуш-тиричиликке тиешелүү буюмдар тааныштырылды.
«Андан соң коноктор Бишкек шаары боюнча экскурсияга чыгып, борбор калаанын тарыхы, архитектурасы жана заманбап жашоосу менен таанышты. Туристтик поезд 11 заманбап жана ыңгайлуу вагондон турат», — деп айтылат маалыматта.
«Кыргыз темир жолу» ишканасы поезддин кыймыл графигин камсыздап, чет элдик коноктордун коопсуз жана жайлуу болушуна шарт түзүүдө.



