Кыргызстанда 2026-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиялар көбөйтүлөт. Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгону кабарланды.
Жаңы тартипке ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга, башкача айтканда 1,20 коэффициентине көбөйөт. Мында кошулган сумма 1 миң сомдон кем эмес жана 10 миң сомдон ашык эмес болот.
Мындан тышкары, 1-октябрдан кийин Кыргызстанда эң аз пенсия 8 800 сомдон кем болбойт. Эгер пенсияны индексациялагандан кийин да бул суммага жетпесе, мамлекет аны 8 800 сомго чейин толуктайт.
Ал эми буга чейин кошумча төлөмдөр менен 6 900 жана 7 100 сом алып келген жарандардын негизги пенсиясы адегенде ушул суммага чейин жеткирилет. Андан кийин гана аларга жаңы 20 пайыздык жогорулатуу эсептелет.
Пенсияларды жогорулатууга байланыштуу Социалдык фондго бюджеттен каражат бөлүнөт. Жаңы эрежелер 2026-жылдын 1-октябрынан тарта күчүнө кирет.



