7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Таласка адам сөлөкөтүндөгү 7 жана ит сөлөкөтүндөгү 3 робот келди

22

Талас шаарына адам сөлөкөтүндөгү 7 жана ит сөлөкөтүндөгү 3 робот жеткирилди. Бул тууралуу Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков билдирди.

Анын айтымында, социалдык тармактарда бийлеп жаткан роботтордун Таласка келгени чын. Алар шаардагы «Баластан» балдарды өнүктүрүү борборуна жеткирилген.

Мэрдин айтымында, борбордун долбоорунда IT тармагына өзгөчө басым жасоо каралгандыктан, роботтор да окуу процессине киргизилген.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар 11–12-сентябрда Талас шаарында өтөт.

Эске салсак, Эгемендүүлүк күнү жыл сайын 31-августта белгиленет. Бирок быйыл Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине байланыштуу негизги майрамдык иш-чаралар башка күнгө жылдырылган.

23