Ош шаарынын Төлөйкөн айылында “Азия Органикс” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан курулган сыйымдуулугу 1000 тонналык заманбап соода-логистикалык борбор Президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда расмий пайдаланууга берилди.
Долбоордун негизги максаты айыл чарба продукцияларын сактоо, бөлүштүрүү жана экспорттоо үчүн заманбап шарттарды түзүү болуп саналат. Борбордо продукциялар -45 градустан +5 градуска чейин сакталат. Мөмө-жемиштер жергиликтүү дыйкандардан сатып алынып, Европа стандартына ылайык алгач сорттолуп, андан соң шок тоңдуруу ыкмасы менен тоңдурулат. Ал эми даяр продукция Орусияга экспорттолот.
Долбоордун алкагында 50 туруктуу жумуш орду түзүлүп, сезондук мезгилде 500гө жакын адам жумуш менен камсыз болот.



