Токмок шаарында Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо борборунун Чүй-Кемин бөлүмү үчүн жаңы административдик имарат курулууда.
Борбордон билдиришкендей, курулуштун жүрүшү менен президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов жана борбордун директору Тынычбек Саидов таанышты.
Жаңы имаратта унааларды жана айдоочуларды каттоо, ошондой эле теориялык жана практикалык сынактарды өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, практикалык сынактар үчүн заманбап автодром курулат.
Борбордун маалыматына караганда, жаңы имарат Чүй жана Кемин райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын тургундарына кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет.



