«Азаттык» басылмасынын журналисти Кубатбек Айбашев Facebook баракчасына орус-украин согушунун шартында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү жана өлкө аркылуу айрым товарлардын реэкспорту тууралуу пикирин жарыялады. Ал өз билдирүүсүндө Кыргызстан аркылуу курал-жарак жана аскердик багыттагы товарлар өтүп жатканына токтолуп, мисал катары бронежилеттерди атаган.
Журналисттин бул пикирине саясат талдоочу Бакыт Бакетаев жооп кайтарды. Ал бронежилет чабуул коюучу курал эмес, адамдын өмүрүн коргоого багытталган каражат экенин белгилеп, бул маселени өлкөгө каршы санкциялык басымга негиз катары көрсөтүүгө каршы пикирин билдирди.
“Жакында биздин журналисттердин биринин пикирин окуп калдым. Анын айтымында, Кыргызстан аркылуу реэкспорт болуп Орусияга кеткен бронежилеттер өлкөбүзгө каршы кошумча санкция киргизүүгө негиз болушу керек экен. Ушул жерден бир суроо жаралат: бронежилет качантан бери курал болуп калды?
Ал ок чыгарбайт. Жарылбайт. Эч кимди өлтүрбөйт. Тескерисинче, анын жалгыз милдети адамдын өмүрүн сактоо.
Ошондуктан коргоочу каражат тууралуу курал-жарак жеткирилгендей кыжырдануу менен сөз кылып, анын айынан өз өлкөңө санкция талап кылуу түшүнүксүз көрүнүш.
Журналисттин милдети — суроо берүү, иликтөө, бийликти сындоо. Бул нормалдуу көрүнүш. Керек болсо катуу сындоо да зарыл.
Бирок сындын максаты — чындыкты табуу жана өлкөдөгү кемчиликти оңдоого түрткү берүү. Өз мамлекетиңди кимдир бирөөнүн көзүнө жаман көрсөтүп, сырттан жазалоону каалоо — бул эми сындын башка чеги.
Кыргызстан — чоң державалардын ортосунда жайгашкан чакан мамлекет. Биз Орусия менен да, Кытай менен да, Европа, АКШ, Түркия жана башка өлкөлөр менен да мамиле түзүүгө тийишпиз. Анткени тышкы саясатта түбөлүк дос же түбөлүк душман деген түшүнүктөн мурда улуттук кызыкчылык турат.
Биздин мамлекеттин биринчи милдети — Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо. Өз өлкөңдү сындоо — мекенчилдикке каршы келбейт. Тескерисинче, адилет сын мамлекетти күчтүү кылат.
Бирок өз өлкөңө сырттан санкция, басым же эл аралык басмырлоо каалап, андан жеке аброй же пайда издөө таптакыр башка маселе.
Мекен идеалдуу болгон үчүн сүйүлбөйт. Анын кемчилигин айтып, оңдош үчүн күрөшүүгө болот. Бирок өз бакубатчылыгың үчүн Мекениңдин кызыкчылыгын соодалоо — акырында өз жаныңдын бир бөлүгүн соодалоого барабар.
Анткени мамлекет — бийлик гана эмес. Мамлекет — сенин элиң, сенин жериң, сенин балдарыңдын келечеги”,-дейт Бакыт Бакетаев.



