21-22-23-сентябрда Бишкектин айрым аймактарында газ түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» ишканасы билдирди.
Газ берүү Токомбаев, Малдыбаев, Ахунбаев, Ажыбек баатыр, Тыналиев, Масалиев, Садырбаев, Манас айылы көчөлөрү, Чыңгыз Айтматов проспектиси, ошондой эле Арча-Бешик, Кыргызстан-1 жана Ынтымак конуштарын камтыган аймакта токтотулат.
Шаардыктарга газ өчүрүлгөн учурда энергиянын альтернативдүү булактарын колдонуу сунушталды.



