Санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу 16 компаниянын ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-октябрда санкциялык тобокелдиктерди андан ары минималдаштыруу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөн. Анда 40ка жакын компанияга талдоо жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 16 компанияга байланыштуу материалдар аларды жоюу маселесин андан ары кароо үчүн сот органдарына өткөрүп берилген.
Калган компанияларга карата тиешелүү текшерүү иш-чаралары уланууда.



